www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-май күнү Араван РИИБде кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон милициянын майору Дадан Дүйшеевди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Иш-чара РИИБдин саптык аянтчасында уюштурулуп, маркумдун жаркын элесине куран окулуп, айкелине гүлчамбарлар коюлду. 

Алгач Араван РИИБдин башчысы Уланбек Кубатбеков сөз сүйлөп, кызмат учурунда баатырларча курман болгон кызматкерлер эч качан унутулбайт, алардын эрдиги биз үчүн үлгү болуп калаарын айтып, эч качан арабызда жоготуулар болбосун, эл үчүн ак дилден кызмат өтөө керектигин баса белгилеп өттү.

Эскерүү иш-чарасына өздүк курам, ардагерлер жана маркумдун жакындары катышып, маркум кызматкердин жумушундагы үлгүлүү сапаттары тууралуу эскеришти.

Жыл сайын 15-майда Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. 

Последние новости