www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарында COVID-19 кеңири жайыла баштаганын ырастады. Ал соңку абалдан улам 21-июлдан тартып Ак үйдүн коронавируска байланыштуу түзүлгөн жумушчу тобунун күнүмдүк брифинги жанданарын билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Бул жумушчу топ март-апрель айларында коронавирус пандемиясына байланыштуу күн сайын брифинг уюштуруп турган. Трамп айрым бир учурда "коомчулукту адаштырган же туура эмес маалымат берет" деген мазмундгы сынга кабылгандан кийин бул иш-чараны токтотуп койгон.

АКШда президенттик шайлоого үч ай калды жана соңку сурамжылоолорго ылайык бийликтин пандемия маалындагы иш-аракеттеринен улам Трамптын рейтинги төмөндөп жатат.

Флоридада соңку бир күндө коронавирус дагы 10 миң адамдан аныкталды, бул штатта акыркы бир аптага жакын убактан бери ушундай көрсөткүч сакталып турат. Калифорниянын бийлиги ооруканага түшкөн бейтаптар көбөйгөнүн билдирди.

АКШда коронавирус 3,7 миллионго чукул адамга жугуп, оорудан 140 миңден көп бейтап көз жумду.

Дүйнө жүзүндө илдетке кабылгандар 14,6 миллион адамдан ашты жана көз жумгандар 600 миңден ашты.

Булк: NazarNews.kg

Последние новости