www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз элине чукул Кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен берилди:

Урматтуу кыргыз калкым!

Жакында Малайзия өлкөсүндө кызмат кылып жүрүшкөн 8 эгемен мамлекеттердин элчилери жолугушуп, азыркы таажы тумоосу жана дүйнө өлкөлөрүндөгү ушул тумоого байланыштуу  абал боюнча өз ара пикир алмаштык. Көпчүлүк элчилер тумоонун экинчи толкунан кийинки кыргыздардын ынтымагына, биримдигине ушунчалык суктануу менен кеп кылышты. Кыргызстаныбыздын жардылыгы, бийлигибиздин коррупцияланганы, бечелдиги, күн карама, жалдырамалыгы өз байлыгыбызга өзүбүз ээ болбой чет элдиктердин көзүн карап жашаганыбыз, саясий-экономикалык жактан өтө алсыз экенибизге карабай, жалпы адамзаттын башына түшкөн тумоого каршы кыргыздар ата салтын улантып өзгөчө бир муштум болуп бириге калып туруштук берип жатканыбыз тууралуу бизден бай, бизден көп, мамлекети күчтүү элдин өкүлдөрү сөз кылып,   толкунданып, сүйүнгөнүмдү тең бөлүшөйүн деп сиздерге кайрылып  жатам. Кыргыздардын COVID-19га каршы күрөштө биримдүүлүктү, ынтымактуулукту көрсөтүп жатышканы тууралуу дүйнөлүк башка маалымат булактарында да чыгып жатат.

Кутмандуу кыргыз калкым, жүздөгөн чыгаан уул-кыздарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары үчүн эле эмес, жалпы элибиз үчүн оор жоготуу болуп жатат. Азыр күнөөлүүнү издей турган заман эмес. Тумоого каршы туруудагы башталган ынтымагыбызды, биримдигибизди күчтөнтөлү, демилгени өз колубузга алалы, жогорку деңгээлде иштей албай жаткан бийлигибизди иштетели, жардам берели. Өңчөй жаман нерселерден саясат кылып, жазып, айтып тумоону жеңе албайбыз. Андайларга убактылуу мароторий жарыялап туралы!

Бул тумоо бай, күчтүү, белгилүүгө карабайт экен. Бей-бечаралар менен бирге эле, байларыбыз, бийликтегилер, врачтардын өздөрү, атактуу, белгилүүлөрүбүз деле майып болуп жатпайбы? Бизге окошогон жарды өлкөлөр менен катар эле АКШ жана башка кубаттуу өлкөлөр да алапайын таппай турат. Эмне үчүн билбеймин азырынча Малайзияда COVID-19га каршы абал башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы? Себеби, бул өлкөдө тартип, санитардык режим, бийлигинин көрөгөчтүк менеджерлиги күчтүү. Элинде болсо, бийлигине болгон ишеничи чоң, ынтымагы бекем, кайсы бир эреже менен жашоо салтка айланган. Кайсы өлкөдө, мейли ал бай же жарды болсун, «демократия, сөз эркиндиги» демиш болуп, чындыгында өлкөдө демократия эмес, анархиясы көп болгон өлкөдө таажы тумоосу күч!

Кутмандуу кыргыз калкым! COVID-19 бүткүл адамзатын өзгөртүп жатат! Бүткүл дүйнөлүк эл аралык мамилелерди кайрадан каратып жатат! Мамлекеттик саясаттар өзгөртүлүп жатат! Адамдар ортосундагы өз ара мамилелер, коомдук мамилелер, көчөдө, транспорттордо жүрүү, аш-тойлорго чейин өзгөртүлүүгө бара жатат! Бул биздин заман, тагдыр, жазмыштын буйругу! Замандын, жазмыштын талабынан артта калбайлы! COVID-19 илдетин ынтымак, биримдик, бир туугандык боордоштук менен жеңели! Бийликти, бийликтеги бирөөнү же башка эле бирөөнү күнөөлөп, сөгүүдөн пайда жок! Азыр «кайсы мамлекет COVID-19 менен кандай күрөшүп жатат эмес, кайсы эл, кайсы улут аны менен кандай күрөшүп жатат» - деген алдыга чыгып жатат. Кыргыздар бул адамзатка кыргын салып жаткан тумоого кантип туруштук беребиз? Кантип жеңебиз?-деген суроого жоопту таба алдык, ал ата-бабадан калган кыргыздын жамандык менен жакшылыктагы биримдиги, ынтымагы! Ушул башталган элдик ишти, бийик дух, сыймык, намыс менен жеңишке чейин бекем тутуналы! «Кыргыз COVID-19 илдетин ынтымагы, биримдиги, боордоштугу менен жеңген» - деген кийинки муунга сабак, аңыз кеп калсын! Ала-Тоодой бийик тур, көтөр башты кыргыз!

АШУУДАГЫ АТ АЛМАШУУ...

Урматтуу Президент!

Мен сиздин “COVID-19” менен таңды баштап, аны менен күндү батырып жатам»- деген сөзүңүздү угуп, бир аз жеңилдей түштүм. Анткени, мен сизди жакшы билем, калп айтпайсыз, Кудайдан коркосуз. Чын айтты деп ишенем. Бирок сиздин аппаратыңыз менен өкмөтүңүз сиз менен бирге толугу менен бир командага айланып, чындап эл үчүн, мамлекет үчүн эмес, жок дегенде сиз үчүн таң аттырып, күн батырып  жатканынан күмөнүм чоң. Антип айтканга менде көп негиздер бар. Анын бири, эң башкысы, Өкмөт менен аппаратыңызда  куудулдар айткандай «парламенттеги 120 койдун» лоббиси менен  кызматта жүрүшкөн, демилге көтөрүп иштеп, жаман көрүнгүсү келбеген, Президенттин оозун  карап иш кылганды гана билген эптеп жанын баккан кадрлар көп. Алар жок дегенде бийлик тарабынан жасалып жаткан иштерди элге жеткирүүнү билишпейт же каалабайт. Бирок чындыкты түз айтып,  сын айтып, демилге көтөргөн адамдарды «президенттин душманы» кылып көрсөтүшкөндү,  ушунчалык митаамчылык, кошоматтык менен  билишет.

Тагдырыңыз экен  пандемия мезгилинде, президенттик ишиңиздин ашуусуна быйыл күзүндө чыкканы турасыз. Күздөн тарта ылдый түшөсүз. Ашууга чыгышыңыз өтө оор болду. Бирок негизинен туура эле жолдосуз! Андан ылдый түшүүдө өзгөчө чечкиндүүлүктү көрсөтпөсөңүз андан да оор болот. Өлкөдөгү пандемияга чейинки абал, мамлекеттин саясый системасы координалдуу өзгөрүүгө муктаж экенин мурда эле далилдеп келсе, таажы тумоосу мезгилиндеги көрүнүш аны ого бетер далилдеп койду. Жалпы адамзатына келген COVID-19 илдети сиздин президенттик ишмердүүлүгүңүздүн өзөгүн түзгөн проблемага айланды. Сиздин ишмердүүлүк, тумоого каршы иш аракеттердин жыйынтыгы менен жана сиздин ишмердүүлүгүңүздүн туу белине чыкканыңызда өтө турган парламенттик шайлоого жана жаңы түзүлгөн Парламентке жараша бааланат. Бир гана сиз  мамлекет башчысы катары мындай  өзгөчө мезгилде, өзгөчө тумоого, өзгөчө саясый компанияларды өткөрүүдө, жалпы элдин, мамлекеттин  кызыкчылыгы үчүн бекем туруп, нары- бери чайпалбай, провокациялык ички-сырткы аракеттерге, шайлоо учурунда гана пайда боло калышкан биригүүлөргө азгырылып, ушул оор күндөрү өлкөнү ары - бери чайпалтууга жол бербөөгө чакырам. Сиз мамлекет башчысы катары өзгөчө аракеттерге өзгөчө катуу туруп, өзгөчө абалдарды киргизүү,  өзгөчө кадам-чечимдерге баруу менен, элдин  биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү, саламаттыгы  үчүн өзгөчө кадамдарга барууга укуктуусуз! Муну пайдалануу керек. Эл арасында саясаттан, байлыктан «оорубаган» чыныгы элдик лидерлер бар. Ушундай оор күндөрү сиздин ишенгениңиз, таянганыңыз дал ошол эл арасындагы чыныгы элдик лидерлер болушу керек. Аларды издеп табуунун кереги жок. Алар кылган иши боюнча сизден акча да, сыйлык да сурабайт. Алар акыл калчап, сөз баккан адамдар. Мамлекет башчынын чын жүрөгүнөн чыккан элдик сөзүн алар дароо түшүнөт да, эл арасындагы кадыр-баркы менен сиздин айткан иштерди жер-жерлерде эл арасында жайылтат, аткартат. Сиз болгону өлкөдөгү абал боюнча элден эч нерсени жашырбай тез-тез элге чыгып, керек болсо барып, аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматты берип,  турушуңуз керек деп ойлойм. Бул адамзатына келген тумоону, аны саясатка айландыргысы келгендерди элдин бир муштумдай биримдикте болгон ынтымагы менен гана бирге жеңе алабыз!

Урматтуу Президент!

Ушул күздөгү президенттик ишиңиздин «ашуусунда», кыргызча айтканда «ат» алмаштырганы турасыз. Куудулдарыбыз айткан парламенттеги  «120 кой» күзүндөгү шайлоодо «120 жумушчу атка» алмашабы же жарымы «кой» бойдон жарымы мурдагы экс-президенттердин тушунда «жоор» болгон же таякты көп жеп «үркүнчөк», «коркок» болуп калган «эски аттар» же кыргызым, кыргыз жерим деп, доордун талабына ылайык табына келип турган жаңы, жаш күлүктөрдөн куралабы? Эл арасында божомолдоо, тынчсыздануу көп?! Себеби, өлкөбүздө мурдагы президенттерден калган, бирок азыр да жашап жаткан мыйзамсыз президенттик жеке башкаруу, элге референдумга чыгарылып чечилген жок! Бийликтин эл алдындагы отчёттуулугу же айыл өкмөт башчысынан тартып Президентке чейин жылына бир жолу өзүн шайлаган элге ар жылдык аткарган иши боюнча элдик курултай аркылуу отчёт берүүсү чечилбеди?! 10 жыл ичиндеги  эки чакырылыштагы парламент элдик курултай мыйзамын кабыл алган жок! Бул кылмыш, ошол депутаттардын көпчүлүгү кайрадан бийликтин партиясында! 2008-жылдан бери элдин өз депутатын түз, тике шайлоо укугу бузулуп, бийлик, байлар түзгөн партиялардагы тизмени шайлап жүрөт?! Бул да кылмыш, эл депутатты жөн эле шайлабай, альтернативдик негизде тандап алууга укуктуу. Ошентип бүткүл коррупциянын булагы болгон шайлоо системасы оңдолгон жок! Коррупция менен күрөш тандалма, кош стандартта жүргүзүлүп жатат. Өзүңүз баса белгилегендей мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып, чет элдиктердин менчигине айланган кен-байлыктар Конституцияга ылайыкташтырылып мамлекетке алынган жок, элдин үлүшү аныкталбады?! Кен-байлыктардагы коррупция гүлдөгөн бойдон казылып, чыгарылып жатат, ал эми элибиз пандемия мезгилинде дары-дармектин жоктугунан кыйналып жатат? Кумтөрдүн 2 тонна алтынын акчасы жетет эле го? Көп жылдык улутчул-мекенчил күчтөрдүн курултайынын талаптары, чечимдери аткарылган жок. Биз аны аткарбады деп саясат кылбайбыз, себеби  бүгүн таажы тумоосунан чыгуу баарынан алдыда турат. 
Бирок Урматтуу Президент! «Президент  Жогорку Кеңештин шайлоосуна аралашпайт, партияларды түзүүгө катышпайт»- деген кеп  «Кыргызстанда пандемия жок»- дегендей эле жомокко окшош. Парламентке жок дегенде:

-Кыргыздын жеринин бүтүндүгүн түздөн- түз бузгандарды же өзгөчө колдоп  бергендерди;

-Кумтөрдү кынтыксыз, жылчыксыз кылып 2009- жылы "Центеррага" өткөрүп бергендерди, анын келишимин денонсациялоого каршы болгон партия, депутаттарды;

-Жер Үй жана башка кен байлыктарды чет элдиктерге кыргыз элинин үлүшүн аныктабай туруп бергендерди же салымы барларды;

-Акаевдин мезгилинде «прихватизацияга»  аралашкандарды;

-Атамбаевдин мезгилинде коррупциялык жолдор менен «Северэлектро»,  «Востокэлектро», « Кыргызгаз» , Тарых музейи, Бишкек ЖЭБи, Батукаевдин чыгарылышы жана  башка ишке ашырылган аракеттерге добуш беришкен, активдүү колдошкон депутаттарды, башка кызмат адамдарды эч бир партия аркылуу алып келбөө, шайлоого аралаштырбоону коронавирус менен күрөшкөндөй эле саясий эрктүү күрөшкө айлантуу керек. Аларды шайлоого киргизбөө азыркы сөз менен айтканда люстрация актысы катары кабыл алынышы  керек. Андайды жүргүзүүгө сизде толук мүмкүнчүлүк бар. Мен да  сизге окшоп Кудай деген адаммын «бийликтин партиясы же анын жандоочу»партиялары өз тизмесин түзүүдө сөзсүз Президент менен кеңешерине ишенем. Сизди жок дегенде ошондой «саясий бычмал, жооруган аттардан»  чыккынчылардан, арылууга чакырат элем. Анткени, астыда ашуудан түшүү, COVID-19 илдетин жеңүү, заманбап элдин кызыкчылыгында реформаларды жүргүзүү, ушул келе турган  парламенттин дареметине жараша  болот.

Баарыңыздарды терең урматтоом менен А.Бекназаров

Кудай буюрса, илдетти жеңүүгө салым кошкондорго, ыктыярчыларга, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүргөн медиктерге таазим этип, ыраазычылык билдире турган күн да келер. Бирок аларга мамлекеттик деңгээлде ырахмат айтканга  мүмкүнчүлүгүбүз жетеби?

Албетте, жетет. Элге кол сунган, өлүмгө араачы болгон  ыктыярчылардын эмгеги, медиктердин тынымы жок иштеген мээнети- баары эске алынат. Адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн жапа тырмак жети дубандын арасынан чыккан жакшы адамдардын аракети да унутта калбайт. Элге болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөткөн жарандарга  Президентибиз азыр эле чын дилден ыраазычылыгын билдирип, “пандемияны жеңүүгө салым кошуп жаткан жеке ишкерлерге, ыктыярчыларга, колдоо көрсөткөн ар бир азаматтарга башымды ийип таазим кылам деди” го. Президент “айрым жамандыктан саясий упай топтоого аракет кылып, коомдук көз карашты өзгөртүүгө аракет жасаган саясатчылар, ыктыярчылардан үлгү алгыла. Азыр биздин максат-адамдарды сактап калуу” деди го. Буюрса, пандемияны биргеликте жеңип алсак, илдеттин мизин кайтарууга  салымын кошкондор жасаган эмгегине жараша мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүп, моралдык колдоого ээ болот деп  ойлойм. Эң негизгиси бул апааттан аман-эсен чыгып алсак, биздин утуш болот.

Баарыңыздарды терең урматтоом менен А.Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости