www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 3 айлык кызды балдар үйүнө өткөрүп беришти. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнын жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан төмөндөгү үй-бүлө аныкталып, социалдык жактан коргоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 20-июлда алардын үй шарты менен таанышуу жүргүзүлгөн. Жашоо шарттарынын оордугун жана ата-энесинин алкоголдук ичимдикке берилип кеткендигин эске алуу менен бул үй-бүлөнүн 3 айлык кызын мамлекеттик кароого муктаж экендиги тууралуу чечим кабыл алышкан.

Бүгүн 21-июлда милиция кызматкерлери жана социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте барышып, наристе кызды алышып, балдар үйүнө өткөрүп беришти.

Ош ОИИБинин маалыматына таянсак, баланын атасы 1989-жылы туулган, туруктуу иштеген жери жок. Баланын апасы 1993-жылы туулган. Жалпы үч баланын апасы. Бирок буга чейинки 9 жана 4 жашар балдарын дагы мамлекет өз камкордугуна алган. Бүгүн болсо үчүнчү баласын-3 айлык кызын мамлекет өз камкордугуна алды. Жашаган үйү аракеч адамдардын уюгуна айланган.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ушундай оор шартта жашап, балдарына тиешелүү камкордук көрө албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча иштер алынып барылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости