www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-августта Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылды.

Бүгүнкү орурумда маркум аялдын таанышы сурак берди. Күбөнүн айтымында, маркум аял менен анын эжеси курбу болгон.

Күбө билдиргендей, мурда айтылып жаткандай, маркум аял Ашыралиевди ортодогу мамилелери жөнүндө жубайына айтам деп шантаж кылган эмес. Маркум бирөө-жарымды шантаж кыла тургандай адам болгон эмес. Шантаж кылууга да себеп жок эле. Анткени Ашыралиевдин жубайы күйөөсү менен маркум аялдын мамилеси тууралуу билген. Алардын ортосунда акча маселеси боюнча талаш-тартыш болгон.

Күбөнүн айтымында, 2021-жылы Ашыралиев Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин койгондо, маркум аял үйүн күрөөгө коюп, насыя алып, акчаны Ашыралиевге шайлоого катышуусу үчүн берген. Кийин үйүн күрөөдөн чыгарыш үчүн акчаны аял өзү кайтарган.

Ал билдиргендей, Ашыралиев аял өзүнө сатып алган Toyota Camry унаасын убактылуу айдап турганга алып, кайтарбай койгон. Аны менен бирге маркум аял башка адамдарга карызга берген акчасынан түшкөн пайыз акчага өзүнүн жубайына унаа алып берген.

Күбө акыркы кезде алардын ортосунда акчага байланыштуу уруш чыгып жатканын уккан.

Бүгүнкү соттук отурумга бир эле күбө келгендиктен, сурак аяктагандан кийин процесс 30-августка жылдырылды. Бул иш боюнча жалпы 16 күбө бар. Алардын алтоо сотто көрсөтмө берди. Калган 10 күбө алдыңкы процесстерде суралат. Прокурор калган күбөлөр соттук отурумга келбегендиктен аларды мажбурлап алып келүү өтүнүчүн келтирди. Сот өтүнүчтү канааттандырды.

Ошондой эле сот ишти кароонун жана айыпталуучунун камактагы мөөнөтүн эки айга узатты.

Эске салсак, 2023-жылы 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости