www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкө Президенти "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун жана "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын базасында жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча тапшырмасына ылайык Кыргызстандын Өнүктүрүү фонддорунун жана Мамлекеттик банктарынын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү. 

Көчмө жыйында Өнүктүрүү фонддордун жана Мамлекеттик банктардын колдоосу жана каржылоосу менен жаңы заманбап өндүрүш ишканаларын түзүү, аларды толук өндүрүш кубаттуулугуна жеткирүү, чыгарылган продукциянын көлөмүн жогорулатуу, өлкө өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча пландар талкууланып бир орток пикирге келишти.  

"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун тутумуна кирген бир катар ишканаларды кыдырып чыккан Бакыт Төрөбаев, 2023-жылдын сентябрында жаңы төрт өндүрүш ишкана ачылаарын билдирди. Атап айтсак алар, "Кыргыз бетон курулуш", "Кыргыз топчу", "Кыргыз электроника", "Кыргыз темир мык" ишканалары. 

Маселен, "Кыргыз бетон курулуш" ишканасына үйлөргө панел жасай турган заманбап жабдыктар коюлган. Жабдыктарды монтаждоо иштерин Италия Республикасынан келген адистер жүргүзгөн. Завод ишке киргенден тартып жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости