www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Баткен шаарында Мамлекет башчысы Курманжан-Датка көчөсүндөгү асфальт төшөө иштерин көрүп чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов аталган көчөнүн 1,1 чакырымына кум шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Бул боюнча жумуштар 2020-жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылууда. Мындан сырткары, Баткен шаарында жакынкы арада бюджеттен дагы эки көчөнү асфальттоо мерчемделген.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан соң, Мамлекет башчысы региондордогу ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул багыттагы иштер кийинки жылдарда да улантыла тургандыгын өзгөчө белгиледи.

Эске сала кетсек, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында республиканын райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин каражатына асфальтталып, оңдолууда.

Транспорт жана жолдор министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2019-жылы 40 райондук борбордо жана 8 шаарда 140 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлгөн. Быйылкы жылда 150 км жолду асфальттоо пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости