www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги ракты адамдын көзүнөн, жүзүнөн, алаканынан аныктаган элдик дарыгер Күлүйпа Жумабекованы кепке тартып, элди торуган илдет жана андан сакаюунун жолдору тууралуу баарлаштык.

“Тамакты тазалап, өпкөгө камыр тарттым”

-Элдин баары илдетке кабылып, жанынын айласын таппай жатканда мен да коронавирус илдетине кабылгандарды дарылоого аргасыз болдум. Себеби, жакындарым жөтөлүп, температурасы көтөрүлгөндө ооруканага чуркагандан пайда таппасымды, ооруканалардан орун таба албашымды түшүнүп, өзүмдүн эле ыкмаларым менен дарылоону колго алдым. Алгач тамактарын тазалап, антибиотиктер менен вирусту өлтүрдүм. Ошондой эле чөптөрдүн кошулмасынан жасаган камырымды өпкөсүнө, тамагына тартып, илдеттин өпкөгө түшүп кетишин алдын алдым. Бул ыкмам жакшы жардам берген үчүн мага кайрылгандардын көбүн дарыладым. Ошондой эле вирустарды өлтүргөн чөптөрдөн тундурма жасап, эртең мененкисин бир чоң кашыктан берип отуруп, жакындарыма илешкен илдетти жеңдим.

“Каронавирус тамактан бронхого берип, андан  өпкөгө түшүп, көп адамдардын шайын оодарды”

Дарыгерлик тажрыйбамда коронавирус кимдин кайсыл органы алсыз болсо же кандайдыр бир себептерден сезгенип калса, ошол органды жабыркатып жибергенге жөндөмдүү экенин байкадым. Мурунку грипптер мунун жанында эч нерсе болбой калат экен. Айтайын дегеним, бул вирус ичегисинде маселеси барлардын ичегисин жабыркатып, ал турсун ичегидеги курттарга чейин жандандырып жиберген учурларга күбө болдум. Ошон үчүн ич өткөк да коронавирустун белгиси катары айтылып жатты. Тагыраагы, бул вирус ичегиге таасир бергенде ич өтүп, кан оорусу барлардын канын коюлтуп, заматта абалын начарлатып жибергенге жөндөмдүү болду. Ошон үчүн өпкөсү жабыркагандардын көпчүлүгүнүн өпкөсүнүн майда кан тамырларына тромб болуп, кан уюп калгандыктан өпкө жыйрылса ачыла албай, аба жетпей каза болуп жатышты. Кыскасы, бул вирус тамактан бронхого берип, андан өпкөсү сезгенген болсо өпкөгө түшүп, көп адамдардын шайын оодарды.

“Кан алдырган күндө да, тамчылатма дарыдан алып, вирусту өлтүрбөсө, илдет күч алып кетет”

-Илдет күч алганда, ак халатчандар дарылап жетише албай жатканда бул илдеттен арылтуунун түрлүү жолдору сунушталды. Алардын бири кан алуу болду. Чынында канында маселеси барларга, кант диабети менен жабыркагандарга, каны коюуларга кан алган жардам берет. Айтайын дегеним, кан алганда жаман кандар чыгып кетип, кан айлануу кичине болсо да жакшыра түшөт. Адам жеңилдей түшкөндө айыкканга тете болуп калат. Ошон үчүн илдет менен күрөшүүдө аз болсо да, кан алуунун да пайдасы бар. Бирок, ал кан алуу менен эле сакайып кетем дегендер  жаңылат. Кан алдырган күндө да, тамчылатма дарыдан алып, вирусту өлтүрбөсө, илдет күч алып кетет. Тагыраагы, коронавирусту элдик медицина менен эле жеңүүгө мүмкүн эмес...

“Куйрук, чучук, сары майды  күндө болбосо да анда-мында жеп  турса, өпкө жакшы иштейт”

-Илдет күчөп, өлүм көп болуп жаткан тушта дарыгерлер илдетке кабылгандарга туура тамактануу боюнча кеңештерди берип, майлуу ачуу, таттуу жебе, суюктук көп ич деп жатышты. Мен диета кармап, май аз жегендердин көпчүлүгү өпкөсү иштебей кыйынчылыкка туш болушканын байкадым. Анткени, өпкө майы жок болсо, кургак болуп жыйрылып, кайра ачылганда кыйналып калат. Ошон үчүн диета кармагандардын өпкөсү чүрүшүп, ачыла албай, көп учурда дем жетпей кыйналып аппаратка жатып калышты. Ошондуктан куйрук, чучук, сары майды күндө болбосо да анда-санда жеп турса, өпкө жакшы иштейт. Алардын организмге пайдасы чоң. Европаны туурап май жебеш керек деп атып, өпкөсү жабыркагандар көп болду.

“Иттин шорпосу өпкөнүн иштөөсүн жакшыртат”

-Иттин эти, шорпосу күчтүү болгондуктан өпкөгө жакшы таасир берет. Ошон үчүн кургак учукка кабылгандар иттин этин жеп, сакаюунун айласын издешет. Иттин шорпосу абдан тердетет, өпкөгө да жакшы жардам берет. Иттин этин жеп, шорпосун ичкенден кийин  медиктер айткандай суюктукту көп ичсе, илдеттен тез  кутулат. Себеби, жогоруда айткандай, иттин шорпосу майлуу болуп, ал май өпкөнүн иштөөсүн жакшыртат. Тер менен суюктук вирусту алып чыгат. Ошон үчүн иттин этин жеп, шорпосун ичип сакайдык деп жүрүшөт.

“Хренди 7 күндөн ашык ичкенге болбойт”

-Чеснок, лимон канды суюлтат. Имбир иммунитетти көтөрөт. Бирок, имбир, хренди, лимонду көпкө ичкенге болбойт. Ал адамдардын баарына эле жага  бербейт. Хрен канчалык күчтүү дарылык касиети  жогору болгону менен аны дени карды соо киши да 7 күндөн ашык ичкенге болбойт. Айтайын дегеним, бул организмдеги кычкылдуулукту көбөйтүп, өтү жана уйку безинде маселеси барлардын, ашказаны ооругандардын дартын ого бетер күчөтүп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн ар кимден уккан ыкманы эле жасай берген болбойт. Ичет десе эле иче бербеш керек. Себеби, имбир менен хрен баарына эле жага бербейт.

“Эрмен вирусту өлтүрүп, канды суюлтуп, ичегидеги курттарды түшүрөт”

-Эрмен чыны менен жакшы чөп. Аны күчтүү антибиотик десек да болот. Ал канды тазалап, канды суюлтат. Ошондой эле ичеги курттардын да түшүрөт. Аны кайнатып ичкенге караганда аракка 7 күн чылап, бир чоң кашыктан эртең менен ичип турса, вирус да өлүп, кан да суюлуп, курттар да түшөт.

Аракка чылагандын жакшы жери чөптүн даамы аракка чыгып, арактын чыныгы даамы кетип калат. Мен бир эле эрменди эмес, 4-5 чөп кошуп чылайм. Ал чөптөрдү  ар кимдин оорусуна жараша кошом. Негизи ооруну багытына жараша дарылаш керек. Антпесе ал өрчүп же кошумча дартты козгойт. Баса, кычкылтек концентраторун да дайым эле колдоно берүүгө болбойт. Аны кечке коё берсе, өпкөгө шишик пайда кылып  жиберет. Дем алуусу оор болуп жатканда эле кычкылтек концентраторун колдонуп, башка мезгилде адам өзү дем алууга аракет кылышы керек. Бөтөлкө, шар үйлөп, чоң-чоң дем алып, өпкөнү иштетиш керек. Аппаратка көз каранды боло берген болюойт.

P/S. кимде ким Күлүйпа эжеге кайрылып, кеңеш алам  десе, төмөнкү телефон менен байланышса болот. 0707 865940

Булак: NazarNews.kg

Последние новости