www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын айрым банктарында чет өлкөдөн которулган акчаларды чыгарып алуу кайрадан кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу өзбек булактары жазып чыкты.

“Оздолик” радиосу билдиргендей, карантиндик чектөөлөргө карабай кишилер Сурхандарыя, Самарканд, Навои, Ташкент облустарындагы "Капиталбанк", «Ипотека банк» жана «Хамкорбанкта» сааттап кезекте турушат. Сурхандарыялык тургун 10-августта «Капиталбанктын» филиалында 170-болуп кезекке жазылганын, бирок кезек бир суткадан кийин дагы тийбегенин айтты.

"Айрым кишилер өткөн аптадан бери кезекте турат. Карантин учурунда калктын топтолушуна каршы чара көрүүнүн ордуна, банктар абалды өздөрү татаалдаштырып жиберишүүдө", – деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости