www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жергиликтүү банктардан эсеп ачып, аны тейлөөнү каалаган чет элдик компаниялар үчүн 200 миң сом өлчөмүндө жыйым киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, Кыргызстандын резиденти болбогон юридикалык жактар банктык эсеп ачуу үчүн аккредитациядан өтүп, белгиленген төлөмдү төлөшү керек болот. Бул процедураны «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемеси жүргүзүшү сунушталууда.
Экономика министрлиги демилге чет элдик компаниялар үчүн бирдиктүү эрежелерди түзүүгө, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдоо, терроризмди каржылоо жана санкцияларды бузуу тобокелдиктерин азайтууга багытталганын белгилейт.
Иштеп чыгуучулардын маалыматына ылайык, токтомдун кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.