www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева акын жана комузчу Аскат Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу расмий арыз менен кайрылышы керектигин билдирди. Анын айтымында, арыз түшкөндөн кийин гана кылмыш ишин козгоо маселеси чечилет.
Аскат Жетиген 24-октябрда берген маегинде кармалгандан кийин УКМКнын кызматкерлери аны ток менен кыйнап, башына желим баштык кийгизип, сабаганын айткан. Ал быйыл 19-августта үч жылдык жаза мөөнөтүн толук өтөп, эркиндикке чыккан.
Бирок бул жерде прокуратуранын позициясы “өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегендей болуп жатат. Жаран кыйноого кабылганын ачык айтып, окуянын жагдайларын билдирип жатса, укук коргоо органдары эмне үчүн анын арызын күтүп отурушу керек? Кыйноо тууралуу маалыматтын өзү эле текшерүүнү баштоого негиз болууга тийиш.
Прокуратуранын милдети – жаранды арыз жазууга үндөп өлүмүш болуп отурбастан, айтылган фактыларды объективдүү текшерип, мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартышы керек. Мындай олуттуу айыптоолорго укук коргоо органдары ыкчам, ачык жана калыс жооп берүүгө милдеттүү.