www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов менен Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Жолугушууда тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү банктын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу жана саламаттык сактоо тармагындагы жаңы демилгелер тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде Медербек Туманов саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоодо Ислам өнүктүрүү банкы маанилүү роль ойноорун айтты.

Ошондой эле тараптар министрлик менен банктын жетекчилигинин ортосунда туруктуу жана түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. Мындай кызматташтык келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө, мындан аркы иш-аракеттерди макулдашууга жана келечектүү багыттарды аныктоого шарт түзөрү белгиленди.

Последние новости