www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбул шаардык прокуратурасы Бакыркөй муниципалитетиндеги коррупциялык иш боюнча 68 адамды камакка алууга ордер берди. Шейшемби күнү эртең менен жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө 58 адам кармалды. Алардын арасында муниципалитет башчысынын беш орун басары жана жергиликтүү кеңештин эки өкүлү бар. Бул тууралуу Cumhuriyet. гезити маалымдады.
Басылманын маалыматына караганда, тергөөчүлөр 2024–2026-жылдары муниципалитет өткөргөн 42 тендердин материалдарын изилдеп, мамлекеттик бюджетке олуттуу зыян келтирилгенин аныкташкан. Иликтөө Түркиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги «тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар», «опузалап акча талап кылуу» жана «паракорчулук» беренелери боюнча жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Түркияда акыркы бир жыл ичинде коррупцияга каршы бир катар ири иликтөөлөр жүргүзүлүп, алардын алкагында бир нече шаардын мэрлери, муниципалдык кызматкерлер жана ишкерлер камакка алынган.