www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте №195 автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-октябрда саат 20:40 чамасында Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, түштүктү көздөй бара жаткан автобус оңго бурулуп жаткан «Weltmeister» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагылышкан.
Кагылышуудан кийин автобустун айдоочусу транспортту токтото албай, жол жээгиндеги видеокамераны, жол белгисин жана бордюрларды сүзүп, тротуарга чыгып токтогон.
Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда.
Белгилей кетсек, акыркы эки жуманын ичинде Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда төртүнчү жол кырсыгы катталды.