www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Брайан Уильямс менен жолугушту.
Жолугушууда инвестицияларды тартуу, инвестициялык саясатты өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын институционалдык дараметин чыңдоо багыттарындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Тараптар Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин 2027–2030-жылдарга карата стратегиялык документтерин, анын ичинде Инвестицияларды тартуу концепциясын, агенттикти өнүктүрүү стратегиясын жана инвестицияларды тартуу программасын иштеп чыгуу маселелерин карашты.
Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогду өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары, инфраструктуралык жана социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга жеке капиталды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү жаатындагы БУУнун кызматташтык алкагындагы 2028–2032-жылдарга карата программасын даярдоо маселеси да каралды. Бул процесске Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин катышуусу, улуттук инвестициялык артыкчылыктарды эске алуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө жеке сектордун ролун күчөтүү маанилүү экени белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди даярдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.