www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирилди.

Машыгуулардын алкагында Аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттер иштелип чыкты. Ошондой эле стратегиялык объектилердин корголуу деңгээлин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун текшерүүгө көңүл бурулду.

Машыгууларга УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын күчтөрү жана каражаттары, Ички иштер министрлигинин Баткен облусундагы бөлүмдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы жана Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлери тартылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө күч түзүмдөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын практикалык аракеттери текшерилип, террордук коркунуч жаралган учурда биргелешип иш алып барууга даярдыгы жана өз ара аракеттенүүсүнүн шайкештиги бааланды.






