www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттык делегациянын Жапонияга жасаган расмий сапары жыйынтыкталды.

Сапардын алкагында кыргызстандык депутаттар Жапония парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйынына катышты. Анда өлкөнүн кош палаталуу парламентинин ишмердүүлүгү, мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк кылуу багытындагы өзгөчөлүктөрү менен тааныштырылды.

Ошондой эле парламенттик талкууларды өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору тууралуу кеңири маалымат берилип, Өкүлдөр палатасынын иши жеринде көрсөтүлдү.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Талайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Гульнара Акимбаева, Ырысбек Атажанов, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Венера Салямова, Умбеталы Кыдыралиев, Рустамбек Советбек уулу, Айсаракан Абдибаева, Токтобүбү Ашымбаева, Бурул Аманова, Джайлообай Нышанов, Джамиля Исаева, Айгүл Карабекова, Карим Ханджеза, Улан Бакасов, Максат Алымбеков, Эрулан Кокулов, Улан Сариев жана Бекмырза Чолпонбай уулу болду.

 

Последние новости