www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майда Жогорку сот парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировдун иши боюнча буга чейинки эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, экс-депутатты актады. 

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2023-жылы 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

2023-жылы декабрда Ноокат райондук соту Өмүрбек Бакировду “2021-жылдагы Жогорку Кенешке шайлоодо добуш сатып алган” деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салган. Ош облустук соту 2024-жылдын март айында чечимди күчүндө калтырган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Өмүрбек Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Өмүрбек Бакировдун ордуна Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Равшанбек Рысбаев келип депутаттык мандат алган.

Последние новости