www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында өткөн «Борбордук Азия – АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү маселелери каралды. Анын ичинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашыруу, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар жакшы коңшулук жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.