www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунда мамлекеттик органдарда тааныштары бар экенин айтып, жарандардын ишенимине кирип, ири суммадагы акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн ээлеп алган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн РИИБге бир нече жаран арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, шектүү ар кандай маселелерди чечип берүүнү убада кылып, мамлекеттик органдарда тааныштары бар экенин айткан. Натыйжада жарандардын ишенимине кирип, акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн ээлеп алган.

Аталган фактылар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2026-жылдын 15-октябрында кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган И.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Өзгөн райондук сотунун чечими менен ага карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Ошондой эле шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон бир нече буюм далил катары алынган. Жеке кароо учурунда андан ок-дарылары менен газ-жаракат келтирүүчү тапанча табылып, алынган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

Последние новости