www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик колдоонун алкагында жалпы суммасы 33 миллиард сомду түзгөн 11 629 даана техника дыйкандарга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет.
Долбоорлордун алкагында дыйкандарга жана фермерлерге айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик колдоонун негизинде жалпы суммасы 33 миллиард сомду түзгөн 11 629 даана техника дыйкандарга өткөрүлүп берилди. Анын ичинде 2026-жылы 4,9 миллиард сомго 1666 даана техника лизинг аркылуу берилген.