www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мурдагы вице-мэри Эркинбек Исаковдун илимий ишине байланыштуу плагиат жаңжалы жана Сухраб Жармухамедовдун мүлкүнө байланышкан дооматтар кайрадан коомчулуктун көңүлүн чордонуна чыкты. Бул жагдайлар боюнча расмий органдардын так жана ачык түшүндүрмөсү зарыл.

2018-жылы Kloop басылмасынын иликтөөсүндө Россиянын «Диссернет» коомчулугу Эркинбек Исаковдун кандидаттык диссертациясынын 181 бетинин 140 бетинен башка эмгектер менен дал келген тексттерди аныктаганы жазылган. Басылманын маалыматына караганда, көчүрүлгөн бөлүктөрдүн арасында Дагестандын мурдагы жетекчиси Магомедсалам Магомедовдун жана изилдөөчү Марина Гаранинанын эмгектери болгон. 

Ошол кездеги маалыматтарда Исаков Жогорку аттестациялык комиссияга кайрылып, өз каалоосу менен илимий даражасынан ажыратууну өтүнгөнү айтылган. Ал эми 2026-жылдын октябрында анын илимий даражасынан ажыратылганы айтылган.

Кандидаттык диссертациясынын айланасындагы талаштан кийин да Исаковдун Башкаруу академиясында иштеп жатканы суроо жаратат.

Эркинбек Исаковдун кандидаттык диссертациясына байланыштуу мурда жарыяланган плагиат тууралуу маалыматтар кайрадан көңүл бурууга арзыйт.

Коомчулукта мыйзамдуу суроо жаралат: эгер анын илимий ишине карата плагиат боюнча олуттуу дооматтар айтылган болсо, бул жагдайга тиешелүү органдар кандай баа беришкен? Ал эми мындай талаштардан кийин анын Башкаруу академиясында иштеп жатканы кандай негизде түшүндүрүлөт?

Илимий даражага жана билим берүү тармагындагы жетекчилик кызматтарга коюлган талаптар бардык адамдар үчүн бирдей болушу керек. Ошондуктан бул маселе боюнча академиянын жетекчилигинин жана тиешелүү органдардын расмий түшүндүрмөсү коомчулук үчүн маанилүү.

Ошондой эле, Исаковдун аты Сухраб Жармухамедовго байланыштуу мүлктүк талаш боюнча суроолор чырлуу жагдайда дагы аталып жүрөт. Башкача айтканда, Жармухамедовдун камалышына жана айрым мүлктөрүнүн башка адамдын атына катталышына Исаковдун тиешеси болушу мүмкүн деген дооматтардын башы ачыла элек.

Мындан сырткары, Исаковдун Бишкек шаарынын коомдук жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп жүргөн «Жаштык» аренасына байланышкан күмөндүү, бүдөмүк жагдайлар боюнча «шектүү» ишмердүүлүгү иликтениши зарыл.

Бул суроолорго документтердин негизинде жооп берүү, тиешелүү мамлекеттик органдардын милдети. Эгер мүлккө ээлик кылуу укугу мыйзамсыз өзгөртүлгөнү аныкталса, жагдайга укуктук баа берилип, жабыркаган тараптын укуктарын калыбына келтирүү маселеси каралышы керек.

Коомдук кызыкчылык жараткан мындай иштерде негизги талап, шектүү жагдайларды фактылар менен далилдөө, атайын органдар текшерүүнүн жыйынтыгын ачык жарыялоосу зарыл.

Последние новости