www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн мурун Бишкек шаарында FIFA Amateur Event иш-чарасынын алкагында Кыргызстандагы массалык жана ышкыбоздор футболун өнүктүрүү боюнча иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Ага Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү, аймактык футбол уюмдарынын, лигалардын жана башка футболдук түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Ошондой эле жолугушууга ФИФАнын аймактык техникалык консультанты Гайоз Дарсадзе жана ФИФАнын футбол боюнча анализ менеджери Раймондас Штаткевич катышып, ФИФА тарабынан жүргүзүлгөн Кыргызстандагы ышкыбоздор жана массалык футбол боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын презентация кылышты.
Бул изилдөө үстүндө ФИФАнын адистери эки жыл бою иш алып барып, ал дүйнөнүн 185 мамлекетинде жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыктары массалык футболдогу башкаруу жана ресурстар, мелдештер, клубдар, билим берүү, футзал, кум үстүндөгү футбол, кичи футбол, долбоорлор жана мектеп футболу сыяктуу багыттарды камтыды.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында КФБнын техникалык директору Дайнис Казакевич массалык футболду өнүктүрүү боюнча презентация жасап, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди. Анда аймактардагы футбол инфраструктурасы, балдар жана кыздар футболу, мектеп футболу, ошондой эле ышкыбоздук мелдештерди өнүктүрүү маселелери камтылды.
Мындан тышкары, массалык футбол боюча долбоорлор боюнча маалыматтар сунушталып, футболду өлкөнүн бардык аймактарында жеткиликтүү кылуу багытындагы иштер талкууланды.