www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги экинчи Жылуулук электр борборун реконструкциялоо жана аны газга которуу боюнча инвестициялык келишим убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 19-октябрда Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Насипбек Керимов билдирди.
Анын айтымында, инвестор менен келишим болжол менен 2024-жылы түзүлгөн.
«Ал жерде өндүрүлгөн электр энергиянын баасы кымбат болгондуктан, инвестициялык келишимдин аткарылышы убактылуу токтотулду», - деди Керимов.
Башкы планга ылайык, бул жерде газ менен иштеген чоң откана куруу каралган болчу.
Депутат Эдита Тайгарова ЖЭБ-2ни газга которуу көптөгөн социалдык объекттерди газдаштырууга жана шаардын жогорку бөлүгүндөгү кара түтүн көйгөйүн чечүүгө жардам бермек экенин айтты.