www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү актёр Жеки Чан Казакстандын Алматы шаарына келип, «Доспехи Бога 4» аттуу эл аралык тасманын тартуу иштери расмий түрдө башталды.

Маалыматка ылайык, тасма октябрь айына чейин Казакстандын аймагында тартылат.

Долбоордун режиссёру — казакстандык Роберт Кун. Негизги тартуу иштери Алматы шаарында, ошондой эле Алматы жана Маңгистау облустарында жүргүзүлөт.

Айрым эпизоддор буга чейин эле Маңгистау облусунда тартылып бүткөн.

Тартуу иштеринин башталышына байланыштуу Жеки Чан жаш актёрлор жана кино тармагына жаңыдан кадам таштап жаткан жаштар менен жолугушуп, чыгармачылык тажрыйбасы жана кеңештери менен бөлүштү.

Тасманы дүйнөлүк прокатка чыгаруу пландалууда.

Последние новости