www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана министрдин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Каракол – Эңилчек автомобиль жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин графикке ылайык аткарылышы, жолдун сапаты, ошондой эле объектти курулуш материалдары жана атайын техника менен өз убагында камсыз кылуу маселелери каралды.
Подрядчы уюмдардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн маалыматы угулгандан кийин, долбоорду белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай сапатта бүткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Белгиленгендей, Каракол – Эңилчек унаа жолу Ысык-Көл облусунун транспорттук байланышын жакшыртууга, алыскы калктуу конуштардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана аймактын туристтик-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык долбоорлордун бири болуп саналат.
Министрлик долбоордун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы туруктуу көзөмөлдө болорун билдирди.