www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле кайтыш болгон кыргыз элине белгилүү коомдук активист, саясатчы Нурлан Мотуевдин бир тууганы Нурдин Мотуев социалдык тармактагы баракчасына "Бир тууганым Нурлан..." аталышындагы эскерүү жазды.

Ал анда агасы Нурлан мектепке чейин эле окуганды, жазганды үйрөнүп алганын, сүрөт тартууга жана китеп окууга болгон кызыгуусу күч болгонун белгиледи.

"Үйдө китеп көп болоор эле. Атам китеп окуганга абдан маани берчү. Ар кандай адабияттар толтура эле. Нукемди туурап менин да кат-сабатым эрте жоюлду. Нукем эмне китеп окуса аркасынан мен ошол китепти окуйм.

Бир күнү Асанбек Стамовдун "Нөшөрдөн кийин" деген китебин окуп баштады. Кызыгып жүрөм, бүтсө эле мен окуйм деп...

Ошентип, биз китеп менен алек болуп жатсак Фрунзеден Бектурсун байкебиз жеңебизге үйлөнүп, үйгө чогуу келип калышты. Атамдын бир тууган иниси. Жаңы келин болуп келген Жаңыл жеңебиз 6 жашар Нукемдин жанагы китепти окуп отурганын көрүп оозу ачылып, таң калганын жашыра албаганы эсимде", - деди Нурдин Мотуев.

Ал ошондой эле, мектеп жашында шахматка болгон кызыгуусун белгилеп, өзүнөн бир топ улуу кишилер менен тең тайлаша ойногонун, кантип Чаекти "дүң" кылганын эскерди.

"Атам шахмат ойногонду үйрөтүп койду экөөбүзгө. Кызыл чеке болуп кырылышып ойнойбуз. Үйгө келип калышкан атамдын достору таң калышат экөөбүздүн оюндарды карап отуруп.

Нурлан кийин шахматты көтөрүп алып чоң кишилер менен ойногону кетет. Ошол кездери райондук гезиттин редактору Сабырбек Кулманбетов деген кыйын киши бар эле, ошол киши менен ойногонду жакшы көрүп, бир күнү кабинетинде бир күнү үйүндө эле шахмат ойноп жатышчу.

Макала жазганга кызыгып баштады. Бир күнү Москвадан чыккан "Комсомольская правда" газетасына бир макаласы чыгып Чаек дүң болгону эсимде. Анда болгону 5-класста окучу.

Андан кийин ошол эле жылдары азыркы ОРТ каналындагы эң популярдуу телекөрсөтүү "Что? Где? Когда?" көрсөтүүсүндө знаток-билермандарга суроо берип, сүрөтү менен экранга чыкты. Эмне суроо бергени эсимде жок, анда да катуу кеп-сөз талкуунун чордонунда калды.

Нукем бала кезинен өз атын жасаган бала эле.

Китепке кызыгуубуз артылып отуруп, райондук китепкананы эрте эле түгөтө окуп салдык. Ошондо 10-12 жаштардагы эле балдар элек.

Өтө кызыл бат оңот демекчи, кийин экөөбүздө тең китепке болгон кызыгуу жоголуп, спортко баш отубуз менен кирип кеттик...", - деп жазган Нурдин Мотуев эскерүүсүндө.

Белгилей кетсек, "Көмүр королу" атка конгон Нурлан Мотуев 26-июнда узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Последние новости