www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө боюнча жол инфраструктурасынын объектилеринин сапатына системалуу көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.

Көчмө текшерүүнүн алкагында Түштүк региондук башкармалыктын сыноо лабораториясынын адистери Жалал-Абад облусунун Ынтымак айылындагы муниципалдык базар курулушунда асфальт-бетон жабындысынан керн үлгүлөрүн алышты.

Алынган үлгүлөр комплекстүү лабораториялык изилдөөлөргө жөнөтүлүп, анда асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү аныкталып, анын курулуш нормаларына, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкештиги бааланат.

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш объектилеринин сапатына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүп, долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коопсуздук талаптарынын жана курулуш стандарттарынын сакталышы камсыз кылынууда.

Последние новости