www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан 2026-жылы World Trade Organizationга (ДСУ) кошулуу процессин толук аяктоону көздөп жатканын Podrobno.uz басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, өлкө улуттук мыйзамдарын ДСУнун талаптарына шайкеш келтирүү иштерин улантууда.

Ушул жылдын март айынан бери болжол менен 190го жакын ченемдик-укуктук акт жаңыртылды.

Атап айтканда, санитардык жана фитосанитардык талаптар, азык-түлүк коопсуздугу жаатында реформалар жүргүзүлдү.

Ошондой эле Азык-түлүк коопсуздугу боюнча бирдиктүү комитет түзүлүп, демпингге каршы, компенсациялык жана коргоо чаралары тууралуу мыйзам долбоорлору өркүндөтүлдү.

Өзбекстандын ДСУга мүчө болушу өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун жогорулатып, мындан аркы реформаларды ишке ашырууга негиз түзөрү белгиленүүдө.

Белгилей кетсек, Өзбекстан ДСУга мүчө болуу боюнча арызын 1994-жылы берген.

Бирок сүйлөшүүлөрдүн активдүү этабы 2020-жылы гана башталган.

Последние новости