www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-июлунда Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омурбек Текебаев Германия Бундестагынын Президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси, Протокол кызматынын жетекчиси Гвидо Ларге менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.
Элчи Омурбек Текебаев Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну жакшыртууга, инвестициялык климатты чыңдоого жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Кыргызстандын санкциялык саясат боюнча позициясы жана эл аралык милдеттенмелерди аткаруу багытындагы чаралар тууралуу айтып өттү.
Мындан тышкары, элчи 2026-жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Германияга болгон расмий сапарынын маанисин белгилеп, анын алкагында Бундестагдын Президенти Юлия Клёкнер менен сүйлөшүүлөр өткөнүн эске салды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Германиянын парламенттеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.