www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 3-июлда, Ысык-Көл облусундагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын (АФИА) ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнөктөш компаниялар катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө «Тамчы» аймагы региондук жана глобалдык деңгээлдеги инвестициялык аянтча болорун белгилеп, долбоордун укуктук жана институционалдык негиздери атайын мыйзам менен бекитилгенин айтты.
Анын ичинде башкаруу тартиби, каттоо, лицензиялоо, талаштарды чечүү механизмдери жана инвесторлордун укуктарын коргоо кепилдиктери каралган.
Президенттин айтымында, мындай укуктук база долбоордун узак мөөнөттүү иштөөсүн камсыздап, инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө багытталган.
Алдын ала божомолдорго ылайык, 2035-жылга чейин «Тамчы» аймагында 3 900дөн ашык резидент-компания иштеп, 10 миңден ашык жаңы жумуш оруну түзүлүшү күтүлүүдө.
Садыр Жапаров долбоордун көп тараптуу экономикалык таасирин белгилеп, аймакка ири компаниялардын келиши менен кошо курулуш, логистика, мейманкана, ресторан, тейлөө жана айыл чарба тармактарында да кошумча мүмкүнчүлүктөр жараларын айтты.
«Тамчы» аймагы Дубай, Сингапур жана Люксембург сыяктуу дүйнөлүк финансылык борборлордун ийгиликтүү тажрыйбасына таянып түзүлгөнү белгиленди.
Ошондой эле аймакта англиялык укук принцибине негизделген эл аралык талаштарды чечүү борбору түзүлөрү айтылды. Бул кадам инвестициялык чөйрөгө болгон ишенимди арттырып, долбоордун атаандаштык артыкчылыгын күчөтөт.
Президент экология маселесине өзгөчө көңүл буруп, Ысык-Көлдүн жаратылышын сактоо башкы талап экенин баса белгиледи. Бардык инвестициялык долбоорлор катуу экологиялык көзөмөл астында ишке ашары айтылды.
Инвесторлор үчүн «Тамчы» АФИАда 49 жылга чейин нөлдүк салык режими каралган. Ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн 100 пайыз менчик укугу жана пайданы эркин чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилет.
Ачылыш аземинде Президент алгачкы беш резидент компанияга сертификаттарды тапшырды. Алардын катарында БАЭ, Гонконг, Швейцария, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн финтех жана инвестициялык компаниялары бар.
Жалпысынан дагы 15 чет элдик компания резидент болуу жол-жобосунан өтүп жатат.
Сөзүнүн жыйынтыгында Мамлекет башчысы «Тамчы» аймагы Кыргызстанды жаңы деңгээлдеги инвестициялык, инновациялык жана туристтик борборлордун бири катары дүйнөгө таанытарын белгиледи.