www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын баш жагында жайгашкан Анги-Сай суусунда суунун деңгээли көбөйгөндүгүнө байланыштуу алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кочкор району аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери каз тамандуу экскаватордун жардамы менен суунун нугу экиге бөлүнүп, агым азайтылып жатат.
Бул чаралар коопсуздукту камсыздоо жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алуу максатында көрүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштер менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин министринин орун басары Искендер Сулайманов жеринен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Учурда абал көзөмөлдө болуп, суунун агымын жөнгө салуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер улантылууда.