www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө пенсионерлер үчүн эс алуу жана көңүл ачуу борбору ачылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, ал жакта пенсионерлер бийлеп, йога жасап, шахмат ойной алышат. Ошондой эле эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрү үчүн шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, президенттин тапшырмасы менен мындай эс алуу жайлары Бишкек менен Ошто да курулат. Бул максатта жер тилкелери буга чейин бөлүнгөн.
"Керектүү документтер даяр болсо курулуш иштери келерки жылдын жазында башталат. Биринчи этап Ысык-Көлдө, экинчи этап Ошто ишке ашырылат, андан кийин башка аймактарда да курулат. Каржылоо Пенсиялык фонддон эмес, туумдардан, айып пулдардан жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер топтолгон Өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлөт", — деди Алиев журналисттерге.