www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда шаардык ИИББнын «Кызматыбыз — эл үчүн» урааны алдындагы форуму өттү.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Бишкек шаарынын вице-мэри Атай Муратбек, отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов, БШКнын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, Бишкек ШИИББнын жетекчилиги жана борбор калаанын милиция кызматкерлери катышты.
Форумдун жүрүшүндө Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын ишмердигиндеги негизги баалуулуктардын бири жарандардын ишеними экенин белгиледи.
Ал милиция кызматкерине жардам сурап кайрылган ар бир жаран өзүнүн укуктары, мыйзамдуу кызыкчылыктары жана коопсуздугу корголоруна ишениши керектигин айтты.
Иш-чаранын алкагында коррупциялык көрүнүштөрдүн кесепеттерин жана мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликти чагылдырган тематикалык сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү.
Ошондой эле ички иштер органдарынын өнүгүүсү, жүргүзүлүп жаткан модернизация жана акыркы жылдардагы жетишкендиктер тууралуу видеоролик тартууланды.
Форумдун өзгөчө бөлүгү сыйлык тапшыруу аземи болду. ИИМ министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун буйругу менен кызматтык милдеттерин ак ниет аткарып, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан тышкары, борбор калаанын бир катар милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын ИИББнын жана мэриянын сыйлыктары тапшырылды.
Форум мыйзамдуулук, чынчылдык, адилеттүүлүк, жоопкерчилик, тартип жана элге берилгендик принциптерин бекемдөөгө багытталды.
Иш-чаранын «Кызматыбыз — эл үчүн» деген урааны милиция кызматкерлеринин негизги милдети — жарандардын укуктарын коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана коомго ак ниет кызмат өтөө экенин дагы бир ирет белгиледи.