www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун «Желе» баңгизатка каршы операциясынын Эл аралык координациялык штабынын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) билдирди.
Операция 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактарында өткөн. Ага ички иштер, баңгизатка каршы күрөшүү, чек ара жана бажы кызматтарынын 25 миңге жакын кызматкери катышты.
Иш-чаралардын жыйынтыгы менен:
- 3 миң 845 баңги кылмышы аныкталды;
- 811 адам кармалды;
- төрт жер төлөдөгү баңги лаборатория жоюлду;
- 5 тонна 296 кг ашык баңги каражаттары жана психотроптук заттар алынды;
- 53 тонна 703 кг ашык прекурсор алынды;
- баңгизат аткезчилигинин 19 фактысы бөгөттөлдү;
- топ тарабынан жасалган 87 кылмыш аныкталды;
- кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысынын 10у катталды;
- баңгизаттар боюнча тыюу салынган маалыматы бар 2004 интернет-ресурсу бөгөттөлдү.
Алынган заттардын арасында — 153 кг жакын героин, 1 тонна 170 кг апийим, 2 тонна 148 кг ашык кара куурай (каннабис), 604 кг жакын гашиш жана 1 тонна 206 кг ашык синтетикалык баңгизаттар бар.
Мындан тышкары, укук коргоо органдары 26 даана ок атуучу куралды жана 2 миң 787 ок-дарыны алып, ошондой эле издөөдө жүргөн 120 адамды кармашты.
Кыргызстанда аракеттерди координациялоо үчүн эл аралык штаб түзүлүп, анын ишин КР ИИМдин БМЖКККсы жетектеди. Анын катышуучулары ыкчам маалыматтар менен алмашып, баңги каналдарын аныктоодо учкучсуз учуучу аппараттарды жана суу астындагы дрондорду колдонушту.