www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай шаарында Ак-Суу дарыясына түшүп кеткен улгайган жаранды куткарууга жардам берген окуучулар сыйланды.
Окуя Заречное көчөсүндө болгон. Б. Айтматов жана А. Масалиев атындагы орто мектептердин окуучулары дарыядан улгайган адамды куткарууга көмөк көрсөтүшкөн.
Алардын кайдыгерлик кылбай, адам өмүрүн сактап калууга кошкон салымы Кадамжай району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан белгиленип, окуучуларга ыраазычылык билдирилди.
ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгы окуучулардын кайраттуулугун жана жарандык жоопкерчилигин жогору баалады.