www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда калктын санынын жана мектеп жашындагы балдардын көбөйүшүнө байланыштуу билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен конушта 4 мектеп жана 2 бала бакча куруу каралган.
Анын алкагында 2026-жылдын сентябрь айында Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин 750 орундуу биринчи жаңы корпусу пайдаланууга берилди.
Экинчи корпусун ушул жылдын ноябрь айында ишке берүү пландалууда.
Мындан тышкары, конушта дагы бир мектептин курулушу аяктап жатат. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызга жакыны аткарылып, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.
Жаңы мектептер толук ишке киргенге чейин окуучуларды жайгаштыруу максатында №104 мектепте окуу процесси убактылуу бир нече нөөмөттө уюштурулууда. Жаңы билим берүү мекемелеринин ишке кириши менен окуучулар үчүн окуу шарттары этап-этабы менен жакшыртылат.
Ошондой эле Ак-Ордо конушунда билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүнүн алкагында 2 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.