www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө» кодекске кол койду. 

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Жаңы кодекс деңиз аркылуу жүк ташуу жана ага байланыштуу кызматтарды жөнгө салуучу укуктук негиздерди аныктайт. 

Ошондой эле Кыргызстан деңизге түз чыга албаган мамлекет катары эл аралык укукка ылайык ачык деңизге жетүү жана эркин сүзүү укугун ишке ашырууга багытталган.

Кодексте Кыргызстандын мамлекеттик туусу алдында сүзгөн деңиз кемелеринин ишмердүүлүгү жөнгө салынып, Ысык-Көлдө жүргөн ички сүзүү кемелерине тиешелүү жоболор да каралган. 

Мындан тышкары, мамлекетке таандык коммерциялык эмес кемелердин укуктук макамы да аныкталган.

Жаңы кодекс аны күчүнө киргизүү тууралуу мыйзам расмий жарыялангандан кийин 6 айдан соң колдонулуп баштайт.

Последние новости