www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчиси болуп Жолдошбаев Нусуп Дилзатбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов кол койду.
Жолдошбаев Нусуп Дилзатбекович 1993-жылдын 20-январында Ош шаарында туулган. Ал Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжин, Ош мамлекеттик юридикалык институтун, Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтун жана Ош технологиялык университетин аяктаган. Үй-бүлөлүү.
Эмгек жолун 2010-жылы Ош шаарындагы №2 жаштар-өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп баштаган. 2017–2020-жылдары аталган мекемеде профсоюз уюмунун төрагасы болуп эмгектенген.
2021-жылдан тартып Ош шаарындагы муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасында мамлекеттик сатып алуулар жана инвестициялар боюнча директордун орун басары, директордун орун басары жана башкы инженер кызматтарын аркалаган. 2024-жылы аталган ишкананын директору болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаарынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментин жетектеп келген Жамгырчиев Талантбек Анарбекович өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган.