www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында тазалоочу курулмалардын айланасындагы санитардык-коргоо зоналары боюнча мыйзам талаптары бузулган.

Тактап айтканда, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз шаар куруу корутундуларын беришкени аныкталган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан тышкары, тазалоочу курулмалардын айланасында мыйзамсыз курулган 30 объект боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу прокурордук акт киргизилди.

Последние новости