www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Ысык-Көлдө коюу кара түтүн чыгарып бара жаткан «Дария» теплоходу тууралуу видео тарагандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, видеоматериалды изилдөөнүн жыйынтыгында теплоходду эксплуатациялоо учурунда атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы белгиленген ченемден ашкандыгынын белгилери аныкталган.

Аталган факты боюнча күнөөлүү жакка карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле теплоходдун ээси менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Министрлик учурда теплоходду жеринде кароо учурунда атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын курамы белгиленген ченемден ашкан учур катталбаганын билдирди.

Последние новости