www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 13-июлда саат 20:42де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагындагы Фергана тоо кыркасында жайгашып, Макмал айылынан түштүккө карай 17 чакырым, Кош-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 25 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-чыгышка карай 75 чакырым аралыкта болгон.

Жер титирөөнүн күчү Кош-Дөбө, Макмал, Кара-Дөбө, Байбиче жана Таш-Көпүр айылдарында 2,5 баллды түзгөн.

Последние новости