www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште кыргыздын аялзатынын,укугун коргогон ЖК депутаты Курманкул Зулушов деген бир азамат бар экен. Бир жумадан берки "Музейдеги жылаңач оюн, ички кийимдердеги таң калыштуу, улуттук нарк, насилге, адеп, ахлакка шек келтирген жазуулар жөнүндө", мыйзам чегинде укуктук баа берүү боюнча, Өкмөттөн талап кылды. Эмил Каптагаевдин өзүнүн жекече баракчасына анализ берген үч аныктамасын окуп, көңүлүм көк таштай калып, өлүп бүткөн экенда кыргыздын мырзалары деп, ойлоп калдым эле. Эмилбек Саламатовичтин анализи боюнча Фейсбуктагы талкуулар:
Отунбаевадан өч алуу, ички көр албастыгын сыртка чыгаруу, мезгилди тандап жүргөндөр, колдон келишинче Отунбаеванын, айтылбай жүргөн иш аракеттерин чукуп айтышып, кандай проектилер менен иштеп жаткандыгын түшүнүп калышты. Отунбаеванын даражасы ого бетер көтөрүлдү. Талкуулап асылгандар, армансыз күлгө оонап алышты"-деген сыяктуу мазмунда жыйынтыктаптыр.
Күлгө, Каптагаев, Отунбаева экөөсү канга буланып, күлгө оонаса оонагандыр армансыз. Аллага шүгүр, Фейсбуктун катышуучулары күлгө оонаган жок. Жылуу жумшак жерде олтуруп эле Роза Ысаковнаңыздын ыплас аракетин фейк болбой эле жекече өз атыбыздан, реалдуу жашоонун чындыгына, кыргыз аялдарынын укугун коргойм деген чакырык менен жылаңач аялдардын кошуп, көргөзмө уюштурууну колдоп, кыргыз аялдарынын аялдык абийиирине шек келтиргендигине нараазычылык билдирдик.
Өмүр боюу Отунбаевага пахта коюп жүрүп, чачыңыз деле калбай, чарчагыдай болдуңуз окшойт. Кичине Кудайды карасаңызчы? Тооба кылдым. Отунбаева элге өзү тийишип, өзү сөйкөнүп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын тебелеп тепседи. Элди айылдык, шаардык ,билимсиз мырктар, караңгысыңар, түшүнбөйсүңөр, маданиятсызсыңар деп бөлдү. Өз оозу менен атайын эл чогулган жерде айтты. Эмилбек Саламатович! Тиктетип туруп, чындыкты кантип, көзү ачыктык кылып, божомолдоп бурмалайсыз! Фейсбуктун колдонуучуларын күлгө оонадыңар деп, акаарат кылганга ким сизге эксперт кылып, укук берди. Тескерисинче Отунбаева өзү, кашыктап чогулткан абийиирин чөмүчтөп, айрандай төгүп алды.
Батыштын салтын, кыргыз аялдарынакыргыздын каада салтына батыра албайт зордуктап. Өзүңдү эр ойлосоң, маңдайыңда шерлер тураарын ар бир адам унутпаш керек! Отунбаеванын аброю Европа, Батыш, Чыгыш чет өлкөлүк мамлекеттерде аброюу болушу мүмкүн. Анткени өмүр боюу ,эл аралык уюмдарга, бей өкмөт уюмдарга, түрлүү чет өлкөлүк фонддорго, Кыргыз мамлекетинин атынан, түрдүү проектилерди мамлекеттин ички кемчилдиктерин жарыялап, өткөрүп, Кыргыз мамлекетин эксперименталдык аралча катары кармап берип, өз аброюн көтөргөндүр.
Акыркы бир жумада өзү өзүн ким экендигин далилдеп берди. Кыргыз мамлекетин демократиялык аралча кылуу үчүн, чексиз жоопкерчиликтерди моюнга алып, чет өлкөлүктөрдүн кызматын армансыз кылып келди. Ошондуктан чет мамлекеттердин сыйлуу адамы болуп эсептелет. Кыргызстанда Отунбаеванын жасаган иш аракеттери митинг, жыйын, тополоң уюштуруүу, акцияларды,төгүлгөн кандар, чыры чуулар менен эле коштолуп келет.
Эмилбек Каптагаев мындан чыкты сиз, музейдеги жылаңач аялзатынын самсаалап басып жүргөнүн колдоп, кубаттайт экенсиз. Отунбаевага эч ким атаан талашпайт. Отунбаевадай эч ким болгусу келбейт. Ушинтип, экс Президент болгондон көрө, бактылуу үй хожейкеси болгон артык. Ошондуктан чырылдаган чындыкты тааныгыңыз келбесе, ал өзүңүздүн уятыңызда. Калыстык кылып койгонго эмне жетсин. Тилеке каршы, сиз феминизмдин мүчөлөрүн колдоп, жаткандыгыңыз өтө өкүнунүчтүү...
Булак: NazarNews.kg