www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери 2019-жылга Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын кыска мөөнөтүн аткаруунун алкагында бул жолу борбордун Гагарина-Некрасова, Лущихина-Клинская, Месароша-Абдраева, Москва-Үметалиева, Бакаева-Ахунбаева көчөлөрүн, “Арча-Бешик", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" жаңы конуштарын учуучу дрон аппаратынын жардамы жана атайын чаң өлчөөчү аппарат менен абанын зыяндуулугун изилдөөгө алышты.

Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөнкү аймактарда абанын деңгээли тийиштүү нормадан жогору экендиги аныкталды:
- Лущихина-Клинская-диоксид азот-3,0 эсе, РМ 2,5-7,7 эсе, РМ10 4,2 жана жалпы чаңдын көлөмү-1,6 эсе;
- Месароша-Абрдраева-диоксид азот-2,5 эсе, РМ 2,5-4,9 эсе, РМ 10-2,7 эсе жана чаңдын көлөмү-1,6 эсе;
- Москва-Үметалиева- диоксид азот-2,3 эсе, РМ 2,5-4,5 эсе, РМ 10-2,5 эсе жана чаңдын көлөмү1,5 эсе;
- Бакаев-Ахунбаева-диоксид азот-2,7 эсе, РМ 2,5-4,9 эсе, РМ 10-2,7 эсе жана чаңдын жалпы көлөмү-1,6 эсе.

Ал эми башка даректерде абанын булганычы тийиштүү норманын чегинде экендиги маалым болду.

Мындан тышкары изилдөөнүн жүрүшүндө көчөлөрдөгү мыйзамсыз автоунаа токтотуу, унаа тыгындар, жол эрежелерин бузуу фактылары да ачыкталды. Катталган баардык мыйзам бузуу фактылары күнөлүүлөргө мыйзам чегинде ыкчам административдик чара көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

Бишкек шаарындагы абанын булганышын изилдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жакынкы арада Бишкектин кичи райондорун, борбордук көчөлөрүн жана баардык жаңы конуштардын абасын текшерүүгө алышмакчы.

Белгилеп кетүүчү жагдай, автоунаалар дагы азыркы күндө курчап турган чөйрөнүн абасыннын булганычына себепкер болууда. Маселен, өндүрүштөн бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү 10 % ды түзсө, ал эми автоунаалардан чыккан зыяндуу заттар дээрлик 90% ды түзөт.

Түзүлгөн мындай жагдайга ылайык, Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектин абасын жакшыртуу боюнча иш-чарага шаар ичиндеги маршруттук каттамдагы кичи автобустардын санын кыскартып, чоң автобустардын санын көбөйтүү, троллейбустардын жана троллебус линияларынын санын көбөйтүүнү сунуштоодо.

Жыл сайын Бишкек шаарынын абасына бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзсө, анын 180 миң тоннасы автоунааларга тийиштүү.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги иштеп чыккан 2019-жылда Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын кыска мөөнөтүү иш-планы 12 пункттан турат. Алардын негизги пунктарынын бири - жол эрежелерине, мыйзамсыз автоунаа токтоткондорго болгон көзөмөлдү күчөтүү, (өзгөчө ири соода түйүндөрүнүн, базарлардын, административдик жана коомдук имараттардын айланасында) шаардын борбордук көчөлөрүн тыгындардан бошотууда коомдук таранспорттордун санын көбөйтүү менен кичи автобустардын санын кескин кыскартуу, троллейбустардын санын көбөйтүү, коомдук транспортторду жаратылыш газына өткөрүү, учуучу аппарат дрондун жардамы менен ордо калаабыздын борборун, борбордук көчөлөрүн, кичи райондорду, жаңы конуштарды, баня, сауналарды, ири менчик ишканалардын, базарлардын айланасына мониторинг жүргүзүшүп жол жүрүү эрежелерин бузган, мыйзамсыз жерлерге авто унаа токтотуу менен тыгындарга жол берген, тийиштүү нормалардан ашыкча абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган авто унааларды, резина жана кийим-кечектердин калдыктары менен жылытылган баня, сауна, ишкана-мекемелерди аныктоо.

Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары видео жана сүрөттөргө тартылып, күнөлүүлөргө ыкчам түрдө административдик чара көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга (Мамлекеттик экотехинспекциясына, ИММге, МАИге ж.б.) жөнөтүлмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости