www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 24-ноябрында Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, 26-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан 2020-жылдын 24-январына чейин тергөө абагына камакка алынган соцтармактардагы “БеспределKG” баракчасынын администратору Автандил Жоробековдун бөгөт чарасы бүгүн, 5-декабрда ошол эле райондук сотто каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымат таратты.
Жоробеков эми 24-январга чейин үй камагында болот. Ал интернетте «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен кармалган.
Социалдык тармактарда аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча деген кине менен кармалып, эки айга тергөө абагына камалган «БеспределKG»нин ээси кайсы маалыматтары жана ал маалыматтардагы эмне болгон пикирлер үчүн кармалганын буга чейин УКМК скриншоттолгон материалдары менен бирге ММКларга жарыялаган.
Ал эми Жоробековдун бир тууган карындашы Чынара Темирова өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу бийликке, өкмөттүк эмес уюмдарга, дегеле жалпы коомчулукка видеокайрылуу жасаган.
Булак: NazarNews.kg
(Сүрөт Рита Карасартованын интернеттеги баракчасынан алынды)