www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевге Чолпон-Атадагы ооруканага жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал видео билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялаган.

"Кечээ Чолпон-Ата аймактык ооруканасына кычкылтек концентраторлору, штативдер, керебеттер, матрастар, төшөктөр, шейшеп жана жууркандар керек деп Камчы Көлбаевге кайрылдым. Бүгүн алардын бардыгы: 10 концентратор, 30 импульсоксиметр, 30 штатив, 20 керебеттүү матрастар алып келинди!", - деп жазган Молдокматова.

Ал Көлбаевди “кыргыз элинин чыныгы уулу” деп атап, ыраазычылыгын билдирди.

"Мен көп жылдар бою спортсмендерди жана маданият ишмерлерин колдоп келгендигиңизди билем. Мен сиз менен эки жолу байланыштым, сиз дароо жооп берип, жардам бердиңиз. Бирок мен Камчынын үлгүсүн ар бир регионго үйрөтүү керек деп эсептейм", - деди Молдокматова.

Мындан сырткары, ал Талас облусу дагы жардамга муктаж экендигин белгиледи.

"Мен Өмүрбек Бабановго кайрылам. Бул сиздин кичи мекениңиз эмеспи. Сураныч жооп бериңиз", - деди алып баруучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости