www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ) башчысы Кристофер Рэй АКШнын экономикалык жана улуттук коопсуздугу үчүн Кытайды «эң узак мөөнөттөгү коркунуч» деп атады. Ал 7-июлда Вашингтондо Хадсон институтунда сүйлөгөн сөзүндө Бээжиндин экономикалык тыңчылык жана маалыматтык, интеллектуалдык менчикти уурдоо аракеттерин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Рэй Кытай чет өлкөлөрдө жашаган кытай жарандарын мекенине мажбурлап кайтаруу жараянын баштаганын, АКШнын коронавирустун жайылышын иликтөөсүнө коркунуч жаратып жатканын белгиледи. «Кытай бардык айла-амал менен дүйнөдөгү жалгыз кубаттуу держава болууга аракет кылып жатат», деди Рэй. Ал контрчабуулга байланыштуу ачылган беш миң иштин дээрлик теңи Кытайга туура келерин белгиледи.

Кытай буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Рейдин мындай билдирүүсү Вашингтон менен Бээжиндин алакасы начарлап жаткан убакка туш келди. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Кытайды «коронавирус пандемиясын токтоткон жок» деп айыптап келет. Бээжин болсо дооматтарды четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости