www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги Темирбек Асанбековду кепке тартып, азыркы саясий жагдай боюнча пикир алыштык.

-Темирбек Ишенбаевич, эл баш аягын таппай илдет менен алп урушуп жатканда шайлоо күнүн белгилөө туура эле болдубу?

-Конституция талабына жараша азыркы парламенттин иштөө мөөнөтү аяктап калды. Өз убагында жалпы элдик тандоо болуп, жаңы адамдар парламентке келбесе, бийлик бутагынын мыйзам көзөмөлүнүн кепилдиги болгон Жогорку Кеңеш шайланбай калат. Бийлик бутактарынын ичинде тең салмактуулук бузулуп, мамлекеттик институттар саясий кризиске такалат.

-Шайлоо мезгилинде да бул илдеттин таасири кайтпаса, шайлоо кандай өтөт?

- Президент Сооронбай Шарипович баш мыйзам астындагы өзүнүн милдетин аткарып, шайлоо аркылуу кезектеги парламент түптөөнүн күнүн жарыялады. Эгерде, ооруган адамдардын саны көбөйүп, пандемия коркунучтары  күч алып кете турган болсо,  белгиленген шайлоо мөөнөтүн президент  өзгөчө кырдаалды киргизүү токтому аркылуу өзгөртүүсү мүмкүн. Өзгөчө кырдаал кабыл алынган мөөнөттүн чегинде гана шайлоого убактылуу чек коё алат. Андан ары узартууга укугу жок.

 -БШКнын партиялардын каржысына көзөмөл күчөткөн жоболору добуш сатып алууга бөгөт коё алабы?

- Канча жолу шайлоо процесстерине активдүү катыштым, БШК ар дайым шайлоо астында мыйзам бузууларга жол бербөө сунуштарын жар салышып, чечкиндүү чара көрүү жомокторун жарыялашат. Бирок, ачык-айкын мыйзам бузууларды, партиялардын добуш сатып алууларын коомдук активисттер, журналисттер бир канча жолу маалымат булактарынан далилдеп жар салса да, мыйзам бузган партияларды шайлоого катышуу укуктарынан ажыратып, элге берген убадаларын аткарганын көрө элекмин. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле, БШК мамлекет башчысынын тымызын койгон жеке талабын гана так аткарганга умтулат.

-Премьер-министрдин шайлоого деген каражатыңарды, илдет менен күрөшүүгө бергиле деген сунушу колдоо табабы?

- Саясий партия акча, материал же кирпич чыгарган завод эмес. Экономикалык, социалдык укуктарын коргоо максатында шайлоого катышып, мыйзам чегинде коомдун аң сезимин көтөрүү максатында уюштуруу иштерин аткарган адамдардын тобун чыныгы саясый партия десек болот. Өнүккөн мамлекеттерде эч качан коммерциялык амалдардын жардамы жана азгырыгы менен саясий партиялардын бийликке келишине  жол берилбейт. Андай нерсе алардын мыйзамына да каршы келет. Биздин премьер-министрибиз Кубатбек Боронов бул сунушу менен өзүнүн түздөн түз экономикалык милдетин, өкмөттүн жоопкерчиликтүү маселелерин, саясий партиялар аткарсын  деп өз аброюна шек келтирип, саясый тажрыйбасынын төмөндүгүн, сабатсыздыгын көрсөттү. Өзүнүн жөндөмсүздүгүн жалпы коомчулукка ачык жарыялады. Өкүнүчтүүсү, мыйзам коргоо багытындагы чыныгы офицермин, аткаруу өкмөтүнүн саясий жетекчисимин деген адамдын мыйзам бузууга, коммерциялык ыкмалар менен партияларды саясий упай алууга чакырган кайрылуулары, дагы бир жолу президентибиздин кадр саясаты өтө оор абалда экенин далилдеди.

- Келечектеги депутаттарды ушул апаатка жардам бергендери аркылуу тандасак жаңылбайбызбы?

-Кыргызстан мамлекетинин келечеги эч качан сатылбайт! Элибиздин убактылуу турмуш кыйынчылыктарын чечүү ыкмалары менен кыргыз элинин тагдырына кожоюн болууга эч кимге жол берилбейт. Ата-бабабыз ачкачылыкка, оору сыркоого, турмуш сыноосуна, сырттан келген душмандарга да баш ийбей, өлүмдөн да коркпой эрк көрсөтүшүп, азыркы баарыбыз жашаган жерибизди, мамлекетибизди сактап калышкан. Биз болсо, 30 жылдан бери күнүмдүк көр оокатыбызды, турмуш кыйынчылыктарыбызды чечимиш болуп чуркаган амалдуу, эпчил адамдарга добуштарыбызды алданып сатып жүрүп, ар кимибиздин жеке ач көздүгүбүздүн кесепетинен мамлекетибиз өнүкпөй, Кыргызстан азыркы кырдаалга келип такалды. Бүгүн ооруга жардам берди, эртең тышкы карызыбызды жаап берди деп, бийликти саясий укуктарыбызды оокаты бар эпчил адамдарга сата берсек, эртең келечегибиз эмне болот? Бул маселелерди чечүү үчүн биздин бийлик жетекчилерибиз жалпы эл алдында саясий милдет алышкан. Ошолор азыркы оор маселелерди чечишсин!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости