www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жер көчкү активдешкен аймакка барып, кырдаал менен таанышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, министр тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүнө көңүл буруп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.
Буга чейин Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешип, турак үйлөргө жана Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолуна коркунуч жаралган.
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистеринин изилдөөсүнө ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, ал эми көчкү массасынын көлөмү 42 800 куб метрди түзөт.
Атайын инженердик шаймандардын жардамы менен жүргүзүлгөн өлчөөлөр жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метр экенин көрсөткөн.
Учурда адистер жер көчкүнүн абалын изилдеп, кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктын кесепеттерин алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.