www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай окумуштуулары чөлдө өскөн Syntrichia caninervis мохун (эңилчекке окшош, нымдуу жерлерде, чөлдө, аскада, дарактын сөңгөгүндө өсүүчү майда жашыл өсүмдүк) космоско учуруп, ийгиликтүү жандандырышты. Өсүмдүк микрогравитация жана космостук радиация шартында болгондон кийин, суу берилгенде кайра жашыл түскө кирип, өсө баштаган.

Изилдөө мохтун −196 градус суукка жана катуу суусузданууга туруштук бере аларын көрсөттү. Окумуштуулар бул ачылыш келечекте космосто жашоону изилдөөгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн туруктуулугун жогорулатууга жардам берерин белгилешүүдө.

Последние новости